Акылбек Жапаров: элибиз телефон менен ушакташууга 20 млрд. сом коротуп жатат

© Фото / Pexels / Andrea PiacquadioКиши телефон аркылуу сүйлөшүп жатат. Архив
Киши телефон аркылуу сүйлөшүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы телефон иш үчүн эмес, бирөөнү шыбаш үчүн эле керек болуп калдыбы деген ойго кептелип турганын айтты.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Элибиз 20 миллиард сомду ушакташууга коротуп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров республикалык кеңешмеде билдирди.
Ал жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына кайрылып, инвентаризациялоо иштери башталганына үч жылдан ашканына карабай бүтпөй жатканына нааразы болду.
"Бир мисал келтирейин, Кыргызстанда 10дон ашуун уюлдук компания иштейт. Тамаша иретинде айтканда, жылына 20 миллиард сомду сүйлөшүүгө, ушакташууга коротуп жатабыз. Телефондун айынан пейлибиз бузулуп баратат, элден ырк да кетти. Телефон иш үчүн эмес, шыбаш үчүн эле керек болуп калдыбы деген ой келет. Бул да чындык болуп бараткандай. Биз эл пособиени азык-түлүк, кийим-кече алууга колдонуп жаткан-жатпаганын билишибиз керек. Эгер телефонго коротуп атса аны көтөрүүнүн кажети барбы же жокпу, карап көрүш керек", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал жылына пособие үчүн бюджеттен 7,5 миллиард сом бөлүнөрүн айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0