Фермерлер Чоң Чүй каналынын суусунан канткенде көз каранды болбойт. Шарты

© Sputnik / Табылды КадырбековЧоң Чүй каналы. Архив
Чоң Чүй каналы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Жазылуу
Маалыматка караганда, жер алдынан суу чыгаруу үчүн фермерлер лицензия алышы керек. Документ чогултууга жарым жылдай убакыт жана 100 миң сомдой акча керек.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Жер астындагы сууларды колдонуу менен фермерлер Чоң Чүй каналына болгон муктаждыктан арыла алат. Бул тууралуу Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Туратбек Үкүбаев айтты.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Кыргызстандын суусу Казакстанга кетип жатабы? Фермерлер жапа чегүүдө" аталышындагы брифингге катышкан.
Үкүбаевдин айтымында, жакында эле киргизилген эрежеге ылайык, жер алдындагы сууларды айыл чарба багытына колдонуу үчүн Энергетика жана өнөр жай министрлигинен уруксат алуу керек. Ошол эле учурда Чүй облусунун айрым жерлеринде 2 метр тереңдиктен суу чыгат.
Ошондой эле адис сугат суусу талааларга жетүү үчүн узак жолду басып өтүп жатканын эске салды.
"50 сотых жерди сугаруу үчүн фермерлер Чоң Чүй каналынан 3-5 чакырымга чейин сууну тартып келишет. Бир сезондо бул нерсени үч жолу жасоо керек. Ошол эле учурда анын жер тилкесинде 3 метр тереңдиктен суу чыгат", — деди ал.
"Сууну арык аркылуу талаага жеткиргенге чейин эле жолдо бир тобу жок болот. Тагыраагы, жерге сиңип отуруп, кайра эле жер алдындагы сууларга кошулат. Анын үстүнө көпчүлүк фермерлердин жер тилкелери 1,5-2 гектардан. Мындай аянтты алыстан суу тартып келгенден көрө жер алдынан алып сугаруу экономикалык жактан пайдалуу", — деди Укубаев.
Буудай түшүмүн жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Быйыл түшүм аз. Кыргызстанда азык-түлүк кымбаттайбы?
Бирок бул үчүн уруксат кагаздарын Бишкектен гана алууга болот. Кагаздарды чогултууга жарым жылдай убакыт талап кылынат. Ассоциация юристтеринин эсебине караганда, лицензия алуу үчүн 100 миң сомго чейин каражат талап кылынышы мүмкүн.
Үкүбаевдин айтымында, "лицензиялоо системасын алып салуу зарыл, анын үстүнө бул тууралуу өлкө президентинин февраль айындагы жарлыгында айтылган. Бирок азырынча жылыш жок".
Адис мамлекет фермерлерди жетиштүү көлөмдө суу менен камсыздай албаган соң өз алдынча сугат системасын уюштурууга шарт түзүп бериши керектигин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0