08:42 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.7242
  • RUB1.1945
Коом
Кыскача шилтеме алуу
79 0 0

Борбор калаанын мэриясынын маалыматына караганда, картага инженердик коммуникациялардын курулушу боюнча дагы маалыматтар киргизилет.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Бишкекте конуштарда курулуп жаткан объектилердин интерактивдүү картасы пайда болду. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Картаны мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы менен "Санарип технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы түзгөн.

Анда социалдык объектилердин курулуш-монтаждык иштеринин кайсы стадияга жеткени боюнча маалыматтар камтылат. Келечекте инженердик коммуникациялардын курулушу боюнча дагы жаңылыктар жеткиликтүү болот. Картаны шилтемеден ачып көрүңүздөр. Учурда анда сегиз гана объект бар.

Жакынкы аралыкта Капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы аркылуу курулуп жаткан бардык имараттар картага киргизилери белгиленди.

Тема боюнча

Бишкектин Арча-Бешик – 2 конушунда жаңы мектеп курулууда
Белгилер:
Бишкек, Бишкек мэриясы, карта

ЭҢ МААНИЛҮҮ