15:15 07 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7942
  • EUR95.7496
  • RUB1.1510
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска каршы эмдөө (283)
128 0 0

ДССУ дүйнөдөгү бир топ мамлекеттерде вакцина жетпей жаткандыгын эске алып, башкаларга да жетиш үчүн эмдөө алгандарды кайталап сайдырбай турууга чакырды.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Европа аймагы боюнча өкүлү Витянис Андрюкайтис ЕБди үчүнчү өлкөлөргө вакцинаны сактоо мөөнөтү өтүп кете электе берүүгө чакырды.

Анын айтымына караганда, мындай көрүнүш арбын кездешип жатат.

"ДССУ Европа өлкөлөрүн колундагы вакцинаны Украина, Тажикстан, Армения жана Кыргызстан менен бөлүшүүгө чакырды. Бергиси келбей, кампада сактап, качан гана жарактуу мөөнөтү бүтөрүнө эки жума калганда жөнөтүшөт", — деп билдирди атайын өкүл.

Ал дүйнөнүн бир канча аймактарында вакцина жетпей жаткандыгын айтты. Мындан улам ДССУ массалык эмдөө бүтмөйүн жана арбын мамлекеттерде COVID-19га вакцина жетпей жаткандыгын эске салып, бир жолу сайдыргандардан кайталап эмдөө жасоого шашылбай туруусун өтүндү.

Тема:
Коронавируска каршы эмдөө (283)

Тема боюнча

Эмдөө жай жүргөн аймактар. Бишкек менен Сүлүктү эң артта
Белгилер:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, ЕБ, вакцина, коронавирус

ЭҢ МААНИЛҮҮ