20:01 05 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7946
  • EUR95.7543
  • RUB1.1499
Коом
Кыскача шилтеме алуу
123120

Кыргызстанда балдарды кошпогондо беш миллион калк болсо, анын он пайызы диабет менен жабыркайт. Ар бир төртүнчү бейтаптын бутуна жара чыгат. Тилекке каршы, кээде бутту кесүүгө туура келет.

Sputnik Кыргызстан агенттигине диабетикалык бут жана айыкпаган жаралар клиникасынын жетекчиси Максат Бообеков менен буттардын ампутациясы, кант диабетине чалдыккан адам бутун кантип сактай алат деген темада маектештик.

— Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кант диабетин инфекциялык эмес чума же дудук киши өлтүргүч деп атайт экен. Эл аралык эксперттердин айтымында, бул тездик менен жайылып бара жаткан коркунучтуу оорулардын бири. Кыргызстанда абал кандай?

— Алгач дүйнөлүк абал жана диабет өзү эмне экендиги тууралуу маалымат берейин. Диабет — бул биздин панкреас же уйку бездеги инсулин гормондорунун иштебей калгандыгына байланыштуу кандагы шекер колдонулбай, көбөйүп отуруп тамырларга тыгылып калат. Бул бүт органдарга зыян бергендиктен кант диабети оорусу келип чыгат. 2017-жылдагы статистика боюнча дүйнөдөгү ар бир он биринчи киши диабет менен жабыркай турганы аныкталган. Бул өтө көп. Мындан тышкары, диабеттин тездик менен көбөйүшү абдан опурталдуу болуп турат. Экинчиден, Кыргызстанда балдарды кошпогондо азыр беш миллион калк болсо, анын он пайызы диабет менен жабыркайт. Ар бир төртүнчү бейтаптын бутуна жара чыгат. Тилекке каршы, кээде бутту кесүүгө туура келет. Дүйнөдө 20 секунд сайын бир диабетиктин буту кесилет. Бирок ошол буту жабыркаган бейтаптардын 80 пайызын сактап калууга да болот.

Эмнеге "диабетикалык бут" деп өзүнчө бөлүп айтылып, бут ооруга чалдыгат? Бизди ташып, билинбей көп кызмат кылган — бул биздин бутубуз. Кадам таштаган сайын ал бизди көтөрүп жүрүп эле жаракат ала берет. Диабет менен оорубаган адамдарда кан айлануу, клеткалардын жаңылануу процесси жакшы болгондуктан, организм өзүн өзү айыктырып турат. Ал эми диабетиктердин кан тамырлары менен нервдеринин иши бузулганына байланыштуу (нейропатия — М. Бообеков) сезимталдык күчү жоголот. Мындай бейтаптар бутуна кирген тикенекти да сезбейт. Жараат алганын билбей жүрө берип, ал жери ириңдеп анан чирий баштайт. Ошол себептен тикенек кирсе да убагында байкап, жаңы башталганда токтотуп калса болот. Ал үчүн бейтаптар күндө буту менен таманын карап, текшерип турушу керек.

Руководитель частной клиники Максат Бообеков в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Бообеков: Кыргызстанда балдарды кошпогондо азыр беш миллион калк болсо, анын он пайызы диабет менен жабыркайт. Ар бир төртүнчү бейтаптын бутуна жара чыгат

— Кант диабети менен жабыркагандарда диабетикалык факторлор болот экен. Анын пайда болушуна кандай жагдайлар таасир этет? Бутту уруп же кесип алса эле диабетикалык абалга өтүп кетиши мүмкүнбү?

— Денебизди коргоочу орган — бул тери. Жөндөн-жөн эле териде жара пайда болбойт. Демек, буга таасир эткен фактор бар. Аларды ички жана сырткы деп бөлүүгө болот. Адам көбүнчө сырткысына кабылат. Така же бутту кыскан бут кийим кие берип, өзүбүздү өзүбүз эле кыйнап жатабыз. Бул бир күндө эле жарала калчу дарт эмес. Диабет менен оорубаган адамдарда бут башка механизмдердин негизинде ооруга чыдап, сак жүрө берет. Ал эми диабетиктерде толеранс механизми жок болгондуктан жаракат дароо жарага айланат. Ошондой эле тамандын жооруганы да нормалдуу көрүнүш эмес. Ал эми ички факторлорго туура эмес тамактануу жана жашоо образы, өз салмагын көзөмөлдөбөгөндүк кирет. Муну менен буттун ампутацияланышына салым кошушат.

— Кант диабети биздин Кыргызстанда канчалык деңгээлде тараган? Тобокел тобуна кимдер кирет?

— Мага көбүнчө билбестиктен ушул жагдайга кабылгандар кайрылат. Убагында аларга бул оору тууралуу эч ким айткан эмес. Адамга диабет деген диагноз коюлары менен бутту да карай башташы керек. Жөнөкөй эле буттун гигиенасын сактабагандык да жаранын көбөйүшүн шарттайт.

— Эми бул дартты аныктоо үчүн кандай анализдер жасалат? Бейтаптын бутунда жара болсо медициналык жактан көрүлүүчү чараларга токтолсоңуз.

— Кээ бир мамлекеттерде ампутацияга жеткирбеш үчүн диабет бейтаптар үчүн түзүлгөн дарыгерлер тобу буттагы жаралар боюнча да иштейт. Мага көбүнчө бүгүн-эртең буту кесиле тургандар, башкача айтканда, эң акыркы стадиядагылар келет. Алар ириңдүү оорулар же кан тамыр хирургиясынан бутунун кесилерин укканда гана бизге кайрылып, арга издеп баштайт. Диабетикалык буттун акыркы стадиясында келгендердин бутун тез арада кесип салбаса, адамдын өмүрүнө да коркунуч жаралат. Анткени анда инфекция бар. Эгер инфекция канга тарап кетсе киши өлүп калышы да мүмкүн. Ошол себептен буга дароо чара көрүлөт. Мага эртерээк кайрылгандардын ичинде бутунун бир-эки манжасын кесип, бирок өз буту менен үйүнө кеткендер да болду. Айрымдардын бутуна чыккан жара эч айыкпай, алар көрүнгөн дарыны колдонуп отуруп акыры бизге кайрылышат.

Акыркы учурларда бейтаптар бутуна жара чыга электе эле келип баштаганы сүйүндүрөт. Бул да болсо биздин команданын түшүндүрүү иштериндеги жетишкендик. Айрымдар "кантип бутумду коргоп калсам болот" деген суроолор менен оорунун эң жөнөкөй белгилери байкалар замат кайрылышат. Буларды дарылоо абдан оңой, керектүү профилактика ишин жүргүзүп, оорусу тууралуу маалымат берип узатабыз. Бейтаптарга кант диабети менен жабыркагандар бутун кантип сакташы керектигин үйрөтөбүз.

Руководитель частной клиники Максат Бообеков в рабочем кабинете
© Фото / из личного архива Максата Бообекова
Бообеков: адамга диабет деген диагноз коюлары менен бутту да карай башташы керек. Жөнөкөй эле буттун гигиенасын сактабагандык да жаранын көбөйүшүн шарттайт

— Негизи диабетикалык буттун белгилери кандай болот?

— Бейтапка кант диабети дарты коюлганда эле дарыгер ал оорунун залакасын түшүндүрүп бериши керек. Биринчи эле ал жүрөккө, бөйрөккө, кан тамырларга жана башка органдарга зыян келтиргендиктен тобокелдик даражаларына жараша кээ бир адамдар бир жылда бир, айрымдар алты ай сайын адистин көзөмөлүндө болуусу абзел. Негизи көбүбүз бутка маани бербейбиз, орган катары да олуттуу кабыл албай жүрөбүз. Анан баары кеч болгондо буттун кадыры билинет. Эң эле жөнөкөй дааратканага бара албай калган учур адамды аябай кейитет. Бул психологиялык жактан да чоң сокку. Ошондуктан биринчи кезекте буттун адам үчүн маанисин түшүндүргөнгө аракет кылабыз. Бизге буттун ар бир кадамы биомеханикалык жактан да орчундуу. Биз бул жагын да изилдейбиз. Адам туура басып, чак бут кийим кийиши керек. Буттун тырмагынын бурчтары этке кирип кетпей, түз алынуусу да маанилүү. Тамандын жооруганын жана терибиздин өңү өзгөрүп калганын да этибарга алган оң. Диабет менен ооругандардын көрүүсү да начарлап калгандыктан тырмагын өзү албашы керек. Буттары үшүгөндө кээ бир диабетиктер ысык сууга жууп, ошондон да күйгүзүп алып бизге келишет. Бутун мешке, батареяга кактап, ысыганын сезбегендиктен жабыркатып алгандар бар. Менин бир бейтабым узак жолдон келе жатып, бутун чоң машинанын кондиционерине эле күйгүзүп алган.

Муну менен катар диабет менен жабыркаган бейтап үйдүн ичинде же сыртта да эч качан жылаңайлак баспайт. Үйдө атайын бут кийим кийип жүрүшү керек. Анткени кичинекей данекти басып алса да ал жарага айланат. Диабет буттун өңү өзгөрүп, шишип, манжалардын түзүлүшү да өзгөрүп кетет.

— Бутта диабеттик маселе болсо ортопедиялык бут кийим кийүү керек дешет?

— Кант диабети менен жабыркагандардын буту деформацияланып кеткендиктен алардын буттарына ылайык бут кийим жок. Анын үстүнө ар бир кишинин буту да бири-бирине окшобойт эмеспи. Идеалдуу бут кийим табуу мүмкүн эмес. Ал буттун өлчөмүнө карап, атайын функционалдык ортездин негизинде жасалат. Башкача айтканда, бут кайсы тарапка канча сантиметр кыйшайып турарын, кай бөлүгүнө канча салмак түшүп жатканынан бери эсептелип, анан функционалдуу батектер жасалышы керек. Даяр сатылган бут кийимден күмөнүм бар. Көбү ортопедиялык бут кийим алганын айтышат, бирок кандайын алганын так билишпейт. Аталышы үчүн эмес, бутубузга зыян келтирбей турганын карашыбыз керек. Туура эмес алып алгандар көп.

Дарылоо ыкмалары тууралуу айтсам, негизи дүйнөдө диабеттик буттар боюнча иштөөчү расмий топ бар. Мен ал топто Кыргызстандын өкүлү болом. Анда жыл сайын же эки жылда бир дарылоо протоколдору түзүлүп, чогулуштар өтүп турат. Ошонун негизинде иштейбиз. Дарылоо тартиби да бар, бут менен алгач эндокринолог, подиатр (бут ооруларынын адиси — ред.) өңдүү команда иштеши керек.

Руководитель частной клиники Максат Бообеков в рабочем кабинете
© Фото / из личного архива Максата Бообекова
Бообеков: диабет менен жабыркаган бейтап үйдүн ичинде же сыртта да эч качан жылаңайлак баспайт. Үйдө атайын бут кийим кийип жүрүшү керек

— Жогоруда буттун учун же манжасын кесип саларыңыздарды айттыңыз. Негизи эле ушундай процедурадан кийин бут андан ары жараланбай токтоп калабы?

— Диабетикалык бутка жара чыгып айыкканын толук айыкты деп айтууга болбойт. Аны уктады деп койсок болот. Бутту карап, кам көргөнгө жараша. Айрымдары он жылдан кийин ооруса, кээ бирлер бир жума өтүп эле кайра келет. Мындай жараат кайра ойгонот.

— Сиз да Кыргызстанга жаңы келиптирсиз. Бизде мындай бейтаптардын оорусун айыктырган дарыгерлердин жетишпестиги байкалбайбы же жетиштүү элеби?

— Мен көп жыл башка жакта иштеп келдим. Баары бир жүрөгүң Кыргызстан деп согот. Чет жерде жүргөндө бизде абал начар экенин билчүмүн, бирок келгенден кийин андан да жаман экенин көрдүм. Демек, бул тармак дарыгерлерге муктаж.

Тема боюнча

Көздүн көрүүсүн лазер менен коррекциялоо боюнда барларга болбойт. Дарыгердин маеги
Дарыгер Эрлан Максүт уулу: альвеококкоз оорусу рактай эле кооптуу
Белгилер:
кант диабети, бут, оору, бейтап, операция, Максат Бообеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ