Садыр Жапаров Айсулуу баштаган балбандарды жеңиши менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы кыргызстандык балбандар жеңиши менен жалпы кыргыз элине чоң кубаныч тартуулаганын белгилеген.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан ийгилик жараткан балбандарды куттуктады. Бул туурасында мамлекет башчы Facebook баракчасына жазды.
Алар мындай жеңиши менен жалпы кыргыз элине чоң кубаныч тартуулаганын белгилеген.
"Айсулуу алтын кызыбыз! Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында ишенимдүү жеңишиң менен чын дилимден куттуктайм! Буга улай эле азаматтарыбыз Эрназар Акматалиевдин дүйнө чемпионатында күмүш жана Алибек Осмоновду коло байге алышы менен да куттуктайм! Элибиз сүйүнүп, жетине албай турган чагы", — деп жазган Жапаров.
Белгилей кетсек, Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова алтын утуп, экинчи ирет чемпион аталган. Ал эми эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүшАлибек Осмонов коло медаль уткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0