20:51 26 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Коом
Кыскача шилтеме алуу
102 0 0

Ош калаасында бул учурда мамлекеттик 45, жеке менчик 25 бала бакча бар. Аларга жалпысынан 15 580 бөбөк барат.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Ош шаарынын Туран муниципалдык аймактык башкармалыгында курулган 120 орундуу "Аймончок" балдар бакчасынын ачылышы болду. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

  • Новый детский сад Аймончок на 120 мест в Туранском муниципальном районе Оша
    Ош шаарынын Туран муниципалдык аймактык башкармалыгында курулган 120 орундуу "Аймончок" балдар бакчасынын ачылышы болду
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Мэр Оша Алмаз Мамбетов на открытии детского сада Аймончок на 120 мест в Туранском муниципальном районе Оша
    Шаар жетекчиси Алмаз Мамбетов жаңы бала бакчанын ачылышы менен жергиликтүү тургундарды, бөбөктөрдү куттуктап, бакчага акылдуу доскаларды (интерактивдүү доска) белекке берди.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Новый детский сад Аймончок на 120 мест в Туранском муниципальном районе Оша
    Ал мэриянын приоритеттүү багыттарынын бири билим берүү мекемелерин көбөйтүү экенин айткан.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Новый детский сад Аймончок на 120 мест в Туранском муниципальном районе Оша
    120 орундуу "Аймончок" балдар бакчасы жергиликтүү казынанын эсебинен курулган.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Новый детский сад Аймончок на 120 мест в Туранском муниципальном районе Оша
    Ош шаарында учурда мамлекеттик 45, жеке менчик 25 бала бакча бар.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Новый детский сад Аймончок на 120 мест в Туранском муниципальном районе Оша
    Аларга жалпысынан 15 580 бөбөк барат.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Новый детский сад Аймончок на 120 мест в Туранском муниципальном районе Оша
    Ошто жаңы курулган 120 орундуу "Аймончок" балдар бакчасы

1 / 8
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ош шаарынын Туран муниципалдык аймактык башкармалыгында курулган 120 орундуу "Аймончок" балдар бакчасынын ачылышы болду

Шаар жетекчиси Алмаз Мамбетов жаңы бала бакчанын ачылышы менен жергиликтүү тургундарды, бөбөктөрдү куттуктап, бакчага акылдуу доскаларды (интерактивдүү доска) белекке берди. Ал мэриянын приоритеттүү багыттарынын бири — билим берүү мекемелерин көбөйтүү экенин айткан.

"Баарыңыздарга белгилүү болгондой, Ош шаарынын бардык аймагында мектеп да, бала бакча да жетишсиз. Билим жайларынын тартыштыгынан бир класста саны нормадан ашык балдар окуп жатат. Бул маселелерди чечүү үчүн болгон аракетибизди жумшап, жыл сайын билим берүү мекемелерин куруп, пайдаланууга беришибиз керек", — деген Мамбетов.

120 орундуу "Аймончок" балдар бакчасы жергиликтүү казынанын эсебинен курулган.

Ош шаарында учурда мамлекеттик 45, жеке менчик 25 бала бакча бар. Аларга жалпысынан 15 580 бөбөк барат.

Тема боюнча

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын бюджетин 500 млн. сомго көбөйтүү тапшырмасын берди
Белгилер:
Кыргызстан, Ош шаары, Алмаз Мамбетов, бала бакча

ЭҢ МААНИЛҮҮ