00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Акылбек Жапаров ага каршы митингге үндөгөн экономистке жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика жана финансы министри Акылбек Жапаров
Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров салык төлөбөгөндөр үчүн Кыргызстанда жашоо кыйла ыңгайсыз болорун эскертти.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров сунуштаган демилгелерине каршы чыгып, онлайн-митинг жарыялаган экономистке жооп берди. Аткаминер менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы сүйлөштү.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектин Эмил Ашымбаев аттуу жараны Жапаровдун сунуштары IT-бизнести муунтуп, банк купуялуулугун бузуп, өлкө экономикасына залака тийгизип жатканын билдирген.

Жапаров бизнесмендин сын пикирин бүгүн командировкадан келген соң окуганын айтты.

"IT-тармакка кош салык салуу боюнча мага таандык деген демилге тууралуу айтканы суу кечпеген кеп. Мындай болушу мүмкүн эмес, эч качан болбойт дагы. Мен IT-бизнестеги бүгүнкү күндө иштеп жаткан салык системасынын демилгечисимин. Ага ылайык, программисттер 5 пайыз киреше салыгын, 5 пайыз социалдык төлөм төгүшөт, жумуш берүүчүгө эч нерсе каралган эмес. Дал ушул себептен биздин программисттер Кыргызстанда жашап, бүтүндөй дүйнө жүзү менен иштөөгө мүмкүнчүлүк алышты. Биздеги шарт Беларустагыдан да жакшы", — деди Жапаров.

Министр банк купуялуулугу тууралуу айтылган сынга да жооп берди. Жапаровдун айтымында, учурдагы Салык кодекси салык төлөөчүнүн эсебин жеткиликтүү кылып турат.

Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Өкмөт ишкер, инвесторлорду колдоо боюнча иш-чаралардын планын бекитти
"QR-код боюнча бир гана нерсе айта алам. Бүгүнкү күндө 2GIS системасында Бишкекте соода жана тейлөө тармагында иш алып барган 53 миң жай катталган. Салык органында болгону 7 400 жай каттоодо турат, азыр бул көрсөткүч 13-14 миңге жетти. Ортодо чоң айырма бар. Адамдар милдеттерин аткарбай жатат. Андыктан ар бир керектөөчү тигил же бул уюм Салык кызматынын каттоосунда барбы-жокпу билиши керек. Каттоодон өткөн ар бир салык төлөөчүгө QR-код берилип турат, ал аны көрүнөө жерге илип коёт", — деди аткаминер.

Жапаров ар кандай көз караштагы пикирлерди угууга даяр экенин, бирок анын баары жакшылап даярдалган болушу керектигин белгиледи.

"Кыргызстанда эл салык төлөп жашайт. Салык төлөгөндөр үчүн бул жер бейишке айланат. Салык төлөбөгөндөргө биздин өлкөдө жашоо анча ыңгайлуу боло бербейт", — деди ал.

Министр Facebook баракчасынан анын демилгесин сындаган экономист хайп менен алек болуп, атын чыгаргысы келип жатканын божомолдогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0