11:23 28 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.3171
  • RUB1.2147
Коом
Кыскача шилтеме алуу
157 0 0

Кыздар кечээтен бери дайынсыз болуп жатат. Туугандары милицияга арыз жазып, көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнүшүүдө.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкекте 14 жаштагы эки кыз дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине алардын туугандары билдирди.

Маалыматка караганда, Акылай Баялиева менен анын курбусу Алия Абысатарова 24-август күнү кечинде Достук кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келишкен эмес.

Туугандары милицияга арыз жазган. Алар кыздарды көргөндөр болсо 0 (771) 48-88-83 жана 0 (500) 87-77-76 номерлерине кабарлап коюуну өтүнүшүүдө.

Биринчи май райондук милициясы азырынча Акылай Баялиева боюнча маалымат берди. Ага ылайык, өспүрүм кыз үйүнөн шейшемби күнү чыгып кеткен. Ошол бойдон анын кайда жүргөнү белгисиз. Уюлдук аппараты өчүк.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы кара, узун, кой көз. Үстүнө агыш түстөгү мышыктын сүрөтү бар футболка, ачык күрөң түстөгү шым, бутуна ак кеда кийип жүргөн.

Милициянын байланыш номери: 0 (706) 66-61-49, 0 (312) 67-01-13 же 102.

Тема боюнча

Чүйдө 48 жаштагы киши изделүүдө. Белгилери
Табышып койгула! Өзгөндө 66 жаштагы аял дайынсыз болууда
Белгилер:
Бишкек, өспүрүм, милиция, издөө

ЭҢ МААНИЛҮҮ