22:13 01 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдоо (66)
179 0 0

Өлкө башчы иш-чарага катышкандан сырткары Кусейин Карасаев менен Касым Тыныстановдун жаңы ачылган эстеликтерине барып гүл койгон.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Садыр Жапаров чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун, кыргыз жазмасынын негиз салуучусу Касым Тыныстановдун, белгилүү окумуштуу, лингвист-түрколог Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган салтанатка катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган иш-чара Каракол шаарынын борбордук аянтында өтүп, анын алкагында театрлаштырылган сахна уюштурулган.

  • Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров возложил цветы к памятнику выдающемуся государственному деятелю Жусупу Абдрахманову в Караколе. 21 августа 2021 года
    Садыр Жапаров чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун, кыргыз жазмасынын негиз салуучусу Касым Тыныстановдун, белгилүү окумуштуу, лингвист-түрколог Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган салтанатка катышты.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

  • Историко-документальная выставка в Караколе посвященная выдающимся личностям ​страны — известному ученому, лингвисту-тюркологу Кусеину Карасаеву, государственному деятелю, ученому и просветителю Касыму Тыныстанову, выдающемуся государственному деятелю Жусупу Абдрахманову
    Президент көптөгөн тарыхый жетишкендиктердин башында эл уулдары, чыгаан жана көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмерлер — Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов жана Кусеин Карасаев турганын айткан.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Глава государства Садыр Жапаров посетил историко-документальную выставку в Караколе
    Ошондой эле Абдрахмановдун күндөлүгүнүн толук версиясы учурда президенттин администрациясынын жетекчилигинде жакынкы аралыкта басылууга даярдалып жатканын белгилеген.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров возложил цветы к памятнику выдающемуся государственному деятелю Жусупу Абдрахманову в Караколе. 21 августа 2021 года
    Ошондой эле эстелигине барып гүл койгон.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Памятник выдающемуся государственному деятелю Жусупу Абдрахманову в Караколе. 21 августа 2021 года
    Мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун эстелиги
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Глава государства Садыр Жапаров посетил музейно-мемориальный комплекс Кусеина Карасаева, где вместе с близкими родственниками ученого прочитал молитву в память о нем.
    Президент Садыр Жапаров Карасаевдин музей-мемориалдык комплексине барды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Музейно-мемориальный комплекс Кусеина Карасаева в Караколе
    Карасаевдин музей-мемориалдык комплекси
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Известный ученый, лингвист-тюрколог Кусеин Карасаев с супругой в музейно-мемориальном комплексе Кусеина Карасаева в Караколе
    Карасаевдин музей-мемориалдык комплекси
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Глава государства Садыр Жапаров посетил музейно-мемориальный комплекс Кусеина Карасаева, где вместе с близкими родственниками ученого прочитал молитву в память о нем.
    Президент Садыр Жапаров Карасаевдин музей-мемориалдык комплексине барып, анын жакын туугандары менен окумуштууну эскерип, куран окуду.

1 / 11
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Садыр Жапаров чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун, кыргыз жазмасынын негиз салуучусу Касым Тыныстановдун, белгилүү окумуштуу, лингвист-түрколог Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган салтанатка катышты.
"Мамлекет башчы кыргыз эли эгемендикке ээ болгонго чейинки жолдо карт тарыхтын нечендеген калабалуу күндөрүн башынан кечирип, эчендеген доорлордун, мезгилдердин бороон-чапкынына, сынагына туруштук берип, өзүнүн элдүүлүгүн, биримдигин сактап, бүгүнкү биз жашап жаткан күнгө өз алдынча мамлекет катары эсен-аман келип жеткенин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Президент көптөгөн тарыхый жетишкендиктердин башында эл уулдары, чыгаан жана көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмерлер — Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов жана Кусеин Карасаев турганын айткан.

Ошондой эле Абдрахмановдун күндөлүгүнүн толук версиясы учурда президенттин администрациясынын жетекчилигинде жакынкы аралыкта басылууга даярдалып жатканын белгилеген. Ошондой эле эстелигине барып гүл койгон.

Мындан сырткары, Жапаров Каракол шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта Кусейин Карасаев менен Касым Тыныстановдун жаңы орнотулган эстеликтерине гүл койгон. Андан кийин Карасаевдин музей-мемориалдык комплексине барып, анын жакын туугандары менен окумуштууну эскерип, куран окуду.

Тема:
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдоо (66)

Тема боюнча

Санкт-Петербургдагы окуу жайга Төлөмүш Океевдин бюсту орнотулду. Сүрөт
Белгилер:
Каракол, Садыр Жапаров, Кусейин Карасаев, Касым Тыныстанов, эстелик

ЭҢ МААНИЛҮҮ