Кыргызстанга Афганистандан качкындар келдиби? Расмий жооп

© AP Photo / Hamed SarfaraziКонтрольно-пропускной пункт Ислам-Кала под контролем Талибана
Контрольно-пропускной пункт Ислам-Кала под контролем Талибана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
УКМК чет өлкөлүктөр Кыргызстанга уруксат кагаздары менен гана өткөрмө пунктулар аркылуу кире аларын белгилеп, өлкөнүн бардык чек араларында абал туруктуу экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы Кыргызстанга Афганистандан качкындар келди деген маалыматты төгүндөдү.

Качкындар тууралуу билдирүүлөр социалдык тармактарда тарап жатат. УКМК Афганистан менен Кыргызстан чектешпей турганын эскертти.

Мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы чек арада кырдаал курчуй турган болсо, ага Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен күч түзүмдөрү тарабынан атайын биргелешкен планы иштелип чыкканын белгиледи.

"Кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек араларына убактылуу чек ара посттору коюлган, ал жакта күч түзүмдөрү пландык чалгындоо иш-аракеттерин жүргүзүп турат", — деп айтылат билдирмеде.

УКМК чет өлкөлүктөр Кыргызстанга уруксат кагаздары менен гана өткөрмө пунктулар аркылуу кире аларын белгилеп, өлкөнүн бардык чек араларында абал туруктуу экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0