БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Афганистандагы кырдаал боюнча үн катты. Ведомствонун маалымат кызматы анын билдирүүсүн таратты.
"Кыргызстан коомчулугу Афганистандагы кырдаалга кабатырланууда. Биз афган эли оор сыноодон өтүп жатканын түшүнүп турабыз. Өлкө үчүн жоопкерчилик алган Афганистандын саясий күчтөрү тез арада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз элинин кызыкчылыгы үчүн компромисске келерине терең ишенебиз", — деди Ташиев.
УКМКнын төрагасы Кыргызстан өзгөчө афган жаштары үчүн кабатыр болуп жатканын белгилеген.
"Саясий куралдуу кагылышуу учурунда өлкөнүн экономикалык жашоосу токтоп, миңдеген үй-бүлө үйүн таштап кетүүгө аргасыз болуп турган кезде сапаттуу билим алууга мүмкүн эмес экенин түшүнүп турабыз", — деди Ташиев.
Ал ушул себептен Кыргызстан таланттуу афган студенттеринин билим алуусу үчүн виза берүүнү милдет катары эсептей турганын белгилеген.
Ошондой эле ал Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен окуу жайлар афган студенттерине жайгашып жана өз тармагын тандап алуусуна консультациялык жактан колдоо көрсөтөрүн билдирди.
"Биз Афганистандын бийлигин Кыргызстанда билим алууну каалаган студенттерге меймандос өлкөбүзгө келишине мүмкүнчүлүк берүүгө чакырабыз. Мындай жол аркылуу Афганистан менен Кыргызстандын ар кандай тармактагы кызматташтыгы жана достугу бекемделет деп ишенем", — деди Ташиев.
Кечээ, 15-августта, Афганистанда бийлик алмашты. "Талибан"* кыймылы Кабулду басып алып, президент Ашраф Гани тактан кулап, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Кийинчерээк талибдердин саясий кеңсесинин расмий өкүлү Махуммед Наим Афганистанда согуш бүткөнүн билдирди. Мамлекетти башкаруу формасы жакынкы күндөрү жарыяланат.