БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Республикалык штаб өткөн суткада өлкөдө 3 676 адам коронавируска каршы вакцина алганын кабарлады.
Билдирмеге караганда, 1 428 киши вакцинанын биринчи дозасын алса, 2 248 киши экинчи дозасы менен эмделген. Жалпысынан 586 578 адам биринчи дозаны, ал эми 262 998 киши экинчи компонентин толугу менен алганы маалым болду.
Белгилей кетсек, COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 миллион адамды эмдөө каралган. Анда 18 жашка чейинки балдар, эмгек мигранттары камтылган эмес. Жамааттык иммунитет жаралышы үчүн максаттуу топко киргизилгендердин кеминде 70 пайызы вакцина алышы зарыл. Бул 2,4 миллион адамды түзөт.