Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Кыргызстанда кылмыштардын канча пайызынын бети ачылат. Статистика

© Sputnik / Табылды КадырбековБита кармап турган киши. Архив
Бита кармап турган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
Чамбаевдин айтымында, быйыл кылмыштардын көпчүлүк бөлүгү Бишкек менен Чүйдө болгон. Бул аймактарга республика боюнча жасалган кылмыштардын 60 пайызы туура келет.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстанда жасалган кылмыштардын канчасынын бети ачылганы боюнча Башкы прокуратуранын Укуктук статистика жана каттоо башкармалыгынын кылмыш жана укук статистикасы, анализ жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси Эмил Чамбаев айтып берди.

Ал Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Башкы прокуратура Кыргызстандагы кылмыштуулуктун өсүшү тууралуу" аттуу брифингге катышты.

© Sputnik / Табылды КадырбековБашкы прокуратуранын Укуктук статистика жана каттоо башкармалыгынын кылмыш жана укук статистикасы, анализ жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси Эмил Чамбаев
Кыргызстанда кылмыштардын канча пайызынын бети ачылат. Статистика - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Башкы прокуратуранын Укуктук статистика жана каттоо башкармалыгынын кылмыш жана укук статистикасы, анализ жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси Эмил Чамбаев
"Үстүбүздөгү жылдын алты айында кылмыш жана жорук боюнча 79 759 билдирүү каттоого алынган. Өткөн жылы бул көрсөткүч 66 436 болчу. Өсүш байкалып жатат, бирок 2020-жылы пандемияда киргизилген чөктөөдөн улам кылмыш азайганын эске алуу керек. Каттоого алынган кылмыштардын (79 миңден ашык) 21 723үнүн бети ачылган (54,4 пайыз). Калгандары тергөө стадиясында же токтотулган", — деди Чамбаев.

Анын айтымында, 2021-жылдын биринчи жарымында 1 569 оор жана өтө оор кылмыш иши өндүрүшкө алынган. Анын 710у же 45,3 пайызынын бети ачылган.

"Статистика көрсөткөндөй, оор жана өтө оор кылмыштардын жарымынын бети ачылган эмес. Өтө оор кылмыштар боюнча гана сатистика жакшыраак: 161 иш өндүрүшкө алынса, анын 117инин бети ачылган (72 пайыз). Адам өлтүрүү жана кол салуу боюнча 113 иш өндүрүштө болсо, 88инин бети ачылган ", — деди Башкы прокуратуранын өкүлү.

Чамбаев акыркы алты айда жасалган башка кылмыштар боюнча дагы статистиканы келтирди:

  • Үй-бүлөлүк зомбулук: 1 416 иш өндүрүштө болсо, 1 143 фактынын бети ачылган (80 пайыздан жогору);
  • Зордуктоо: 159 иш өндүрүштө болсо, 119 фактынын бети ачылган (74,8 пайыз);
  • Тоноо: 720 иш өндүрүштө болсо, 456 фактынын бети ачылган (63,3 пайыз);
  • Каракчылык: 86 иш өндүрүштө болсо, 71 фактынын бети ачылган (82,6 пайыз);
  • Алдамчылык: 6 550 иш өндүрүштө болсо, 3 427 фактынын бети ачылган (52,3 пайыз);
  • Унааны айдай качуу: 201 иш өндүрүштө болсо, 157 фактынын бети ачылган (78 пайыз);
  • Уурулук: 9 453 иш өндүрүштө болсо, 4 724 фактынын бети ачылган (50 пайыз).

Чамбаевдин айтымында, быйыл кылмыштардын көпчүлүк бөлүгү Бишкек менен Чүйдө болгон. Аталган аймактарга республика боюнча жасалган жосунсуз жоруктардын 60 пайызы туура келет. Буга аталган аймактарда эл жыш жайгашканы себеп экени белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0