Эртең Бишкектин 19 көчөсүндө жарык өчүрүлөт. График

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүЖумушчу жогорку чыңалуудагы электр линиясын оңдоп жатат. Архив
Жумушчу жогорку чыңалуудагы электр линиясын оңдоп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Жазылуу
Электр энергиясы Бишкектин борбордук көчөлөрүндө жана бир катар конуштарында жок болот. Тармактын адистери пландык оңдоо иштерин жүргүзүшөт.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. 30-июлда Бишкектин 19 көчөсүндө электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын сайтында айтылат.

30-июлда мекеменин кызматкерлери трансформаторлорду оңдоо, турак үйлөрдүн арасындагы зымдарды, чубалгыларды монтаждоо иштери менен алектенишет.

График:

  • 09:00дөн 17:00гө чейин — Токтогул көчөсүндө (№215 үй);
  • 09:00дөн 18:00гө чейин — Кокчө-Тоо, Кронштадтский, Патрис Лумумба, Троицк көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Арча-Бешик (Он-Арча, Садыбакасов, Кара-Кужур, Шербет, Тогуз-Түтүн, Арча-Бешик көчөлөрүндө) жана Салам Алик конуштарында;
  • 09:30дан 17:00гө чейин — Малдыбаев көчөсүндө (№26 үй);
  • 09:30дан 18:00гө чейин — Токомбаев көчөсүндө (45/1 үй);
  • 10:00дөн 17:00гө чейин — Кара-Жыгач конушунда (Анкара, Курманжан датка, Торугарт, Жайылган, Шаты, Оберон көчөлөрүндө).
Жаңылыктар түрмөгү
0