Карызы 12 млн. сомго жетти. Бишкекте 2,3 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүЭлектр автоматтары. Архив
Электр автоматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
Карызын убагында төлөбөгөндөрдүн электр энергиясы акылдуу эсептегичтердин жардамы менен аралыктан өчүрүлөт. 

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. “Түндүк электр” ишканасынын маалымат кызматы Бишкекте бүгүндөн тарта 2,3 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөрүн кабарлады. 

Карызы барлардын электр энергиясы акылдуу эсептегичтердин жардамы менен аралыктан өчүрүлөт. Карыздын жалпы суммасы 12 миллион сомго жеткен. Мындан улам “Түндүк электр” өз убагында төлөөгө чакырат.  

Электр энергиянын счётчиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Элдин ою эске алынды. Электр энергиясына тариф боюнча долбоор кайра каралды
Тейлөөнү ыңгайлаштыруу үчүн ишкананын расмий сайтында "Абоненттин балансы" деген бөлүм ачылган. Ал жерде ар бир кардар өзүнүн эсеп-кысабын текшере алат.

Ошондой эле балансты "Түндүк электрдин" күнү-түнү иштеген 1209 номери аркылуу колл-борборуна чалып тактаса болот. Мындан сырткары, кардар (0551) 00-12-09 WhatsApp номерине билдирүү жазып, жооп ала алат.

Карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, "БТА банк" төлөм терминалдары аркылуу, ошондой эле UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары жана "Айыл банк", "ДосКредоБанк", "БТА банк", "Кыргызстан" коммерциялык банкы жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын кассаларынан төлөөгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0