Айтматовдун күмбөзүндөгү түндүк өйдө көтөрүлөт. Маселеге Жапаров аралашты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Садыр Жапаров почтил память героев Апрельской революции
Президент Кыргызстана Садыр Жапаров почтил память героев Апрельской революции - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Жазылуу
Президенттик администрация жаралган жагдайга өкүнүүсүн билдирип, Айтматовдун үй-бүлөсүнөн кечирим сураган.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүндөгү жерге коюлган түндүктөр өйдө көтөрүлөт. Бул туурасында мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев ЭлТР телеканалына билдирди.

Анын айтымында, бул кыргыз элинин каада-салтын эске алуу менен жасалып жатат.

"Кыргыз элинде "түндүгүң түшкүр", "түндүгү түшүп калыптыр", "түндүгүң түшүп кетсин" деген сөз бар. Ошондуктан биздин коомчулук, аксакалдар "Ата-Бейитке" келген сайын түндүктүн жерге түшүп калганы туура эмес деп келишкен. Президентибиз Садыр Нургожоевич да ушул жерге келгенде элдин суранычын эске алган экен. Өзү түз көрсөтмө берип түндүгүбүздү көтөрүп койдук", — деди Абыкеев.

Манастын Бишкек шаарындагы айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Манастын эстелигин жасоого сынак жарыяланды. Ал Нур-Султанга тургузулат
Мамлекеттик катчы Айтматовдун айкелинин алдындагы түндүктү үй-бүлөсү менен макулдашпай туруп алып салышканын белгиледи.

Ал эми мамлекет башчынын маалымат кызматы бул маселе боюнча президенттик администрациянын башчысы Сүйүнбек Касмамбетов, мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеевдин жазуучунун улуу Аскар Айтматов менен жолугуп сүйлөшкөнүн билдирди.

"Коомчулуктун пикирин оңдоо максатында Чыңгыз Төрөкуловичтин үй-бүлөсү менен макулдашпай туруп эле айкелиндеги түндүк алынып калган экен. Азыр биз Аскар Чыңгызович менен сүйлөштүк, ал киши деле түндүктү көтөрүүгө макул. Эскисин бир аз шөкөттөп, "Ата-Бейиттегидей" кылып өйдө көтөрө турган болдук", — деди мамлекеттик катчы.

Ошондой эле ал Айтматов өз колу менен жазган китептин түп нускасынан алынган эскиздин үстүнө да түндүк коюлганын билдирди. Залкар жазуучу чыгармаларында дагы түндүктүн ыйыктыгы тууралуу көп жазганын эске салды.

Ал эми теле алып баруучу Ассоль Молдокматова социалдык баракчасына бийлик өкүлдөрү жаралган жагдайга өкүнүүсүн билдирип, Айтматовдун үй-бүлөсүнөн кечирим сураганын жазды. 

"Президенттик администрациянын чиновниктери Садыр Жапаров мындай кырдаалга тынчсызданып турганын жана тез арада жөнгө салуу тапшырмасын бергенин айтышты", — деп жазган Молдокматова.

Белгилей кетсек, буга чейин жазуучунун уулу Аскар Айтматов атасынын күмбөзүндөгү түндүк жоголгону тууралуу айтып чыккан болчу.

Чыңгыз Айтматовдун сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлган. Өлүм алдындагы керээзи боюнча, ал атасы, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон Төрөкул Айтматовдун жанына көмүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0