Бишкектин бир нече көчөсү 21-июлда жарыксыз калат. График

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОтключение света в Симферополе
Отключение света в Симферополе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
Жазылуу
Монтаждоочу бригадалар Бишкек шаарында жана жаңы конуштарда электр мамыларын орнотуп, трансформаторлорду ремонттошот.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Бишкектин айрым аймактарында эртең, 21-июль күнү, жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 9:00-18:00 — Байтик баатыр, Лев Толстой көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Шевченко көчөсүндөгү №55 үй, Ак-Өргө (Огуз-Ата, Ашар көчөлөрү) жана Арча-Бешик (Арча-Бешик, Магистраль көчөлөрү) конуштарында;
  • 9:30-18:00 — Төкөлдөш, Октябрский, Токтоналиев көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Балдар айылында жана 12-кичи райондо (№62-69 үйлөр);
  • 9:30-19:00 — Сүйүмбаев көчөсүндөгү № 16, 18 үйлөр, Герцен көчөсүндөгү № 49 үй жана Токтогул көчөсүндөгү №37 үй.
Жаңылыктар түрмөгү
0