17:57 22 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5001
  • RUB1.1635
Коом
Кыскача шилтеме алуу
301 0 0

Бул ири суу сактагычта эң көп дегенде 19,5 миллиард кубометр, ал эми азайып кеткенде, эң аз 5,5 миллиард суу болушу керек.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. "Токтогул" суу сактагычындагы суунун көлөмү бул күндөрү 11,5 миллиард кубометрден ашкандыгын "Электр станциялары" компаниясынын маалыматында айтылган.

Көрсөтүлгөн көлөм жекшемби, 18-июлда, белгиленип, ал эми суу акырындык менен көбөйүп жатканы маалым болду. Бүгүн, 20-июлга карата суу топтолгон бул ири жайда 11 миллиард 570,5 миллион кубометр турганы айтылды. Секундасына 701 кубометр агып кирсе,  кайра 445 кубометри иштетилип жатат.

Былтыркы жылдын ушул күнүнө салыштырганда айырмачылык 2 миллиард 216,4 миллион кубометр болду. 11 миллиондон ашып калды деген көрсөткүч июндун аягында байкалган. Майдын соңунда Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү 10 миллиард кубометрден өйдө болгон. Ага чейин бир айдын тегерегинде өтө төмөн түшүп, 8,6 миллиардды көрсөтүп калган. Адистер менен бийлик муну суунун аз келип жатканы менен байланыштырган.

Эске сала кетсек, суу сактагычта эң көп дегенде 19,5 миллиард кубометр, ал эми азайып кеткенде эң аз 5,5 миллиард суу болушу керек. Токтогул ГЭСи Кыргызстандагы эң ири гидроэлектростанция. Ал өлкөдөгү жалпы электр кубатынын 30 пайызын иштеп чыгат жана ал негизги энергетикалык таяныч. ГЭС 46 жылдан бери иштеп келе жатат.

Тема боюнча

2030-жылы катуу суу ташкындары күтүлөт. Окумуштуулар себебин түшүндүрдү
Министр: сугат суу көйгөйүнүн бир нече себеби бар
Белгилер:
Кыргызстан, Токтогул ГЭСи, Токтогул суу сактагычы

ЭҢ МААНИЛҮҮ