Аламүдүн районунда 5 жаштагы бөбөк изделүүдө. Белгилери

© Photo / Pexels / jonas mohamadiОйноп жүргөн бала. Архив
Ойноп жүргөн бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Изделип жаткан баланы көрүп-билип калгандар болсо, милиция 102 кыска номери, 0(312) 36-35-27, 0(999) 21-07-09, 0(709) 21-18-08, 0(550) 34-33-63 телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну өтүндү.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Аламүдүн районунда Нурислам Мусаев аттуу 5 жаштагы бөбөк изделип жатканын Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ал 13-июль күнү Кырман жаңы конушундагы Кулбараков көчөсүндө жайгашкан үйүнөн сыртка ойногонго чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
Белгилери:
Бою 120 сантиметр, арык чырай, көзү күрөң, чачы кыска. Бөбөк үстүнө ак сызыктары бар кызыл түстөгү футболка, боз кыска шым жана башына боз кепка кийип жүргөн.
Эгер Нурислам Мусаев боюнча кандайдыр бир маалыматтар болсо, милиция 102 кыска номери, 0(312) 36-35-27, 0(999) 21-07-09, 0(709) 21-18-08, 0(550) 34-33-63 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүндү.
Жаңылыктар түрмөгү
0