08:07 24 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2907)
73 0 0

Сертификатты Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы аркылуу Кыргызстандын жана чет өлкөнүн жарандары ала алышат.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги вакцинациядан өткөнү тууралуу маалым катты электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн билдирди.

"Түндүк" электрондук порталы Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте COVID-19га каршы вакцина алганы тууралуу электрондук сертификат берүү сервисин иштеп чыккан.

Сертификатты Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы (portal.tunduk.kg) аркылуу Кыргызстандын жана чет өлкөнүн жарандары ала алышат.

Сертификат алуунун инструкциясы:

  • portal.tunduk.kg порталына кирип электрондук кол тамга же eID аркылуу каттоодон өтөсүз;
  • порталдан "Саламаттык сактоо" бөлүмүнө кирип "COVID-19га каршы вакцинацияланганы тууралуу сертификат берүү" кызматын тандайсыз;
  • электрондук сертификат алуу үчүн "Табыштаманы жөнөтүү" кнопкасын басыңыз;
  • сертификат автоматтык түрдө түзүлөт, аны кагазга басып чыгарып же pdf форматында сактап алууга болот;
  • документтин аныктыгын жана эмдөөдөн өткөнү тууралуу маалыматты текшерүү үчүн QR-код коюлган.

Ошондой эле жакында "Вакцинациялангандардын реестри" иштелип чыгары кошумчаланды. Анын негизинде жарандар медициналык мекемелерге кагаз түрүндөгү сертификатты ала алышат. Бул мамлекеттик портал аркылуу электрондук сертификат алууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн иштелип чыккан.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2907)

Тема боюнча

Кыргызстанда төрт күндө 6000ге чукул адам коронавируска каршы вакцина алды
Кыргызстанда убактылуу 868 эмдөө пункту ачылат
Белгилер:
сертификат, портал, вакцина, кат

ЭҢ МААНИЛҮҮ