1 401 кишиден коронавирус чыкты, 169 бейтап өтө оор абалда. Соңку маалымат

© AFP / AHMAD AL-RUBAYEМедициналык кызматкер COVID-19га тапшырган үлгүсү менен. Архив
Медициналык кызматкер COVID-19га тапшырган үлгүсү менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Жазылуу
Кечээтен бери 37 медиктен коронавирус аныкталган. Жалпысынан оору жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 5 580 болду.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Өткөн суткада 1 401 кишиден коронавирус табылып, 710 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, былтыркы жылдын 4-июлуна карата өлкөдө бир суткада 327 учур катталган.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 907;
  • Ош – 50;
  • Чүй облусу – 175;
  • Ош облусу – 20;
  • Талас облусу – 13;
  • Нарын облусу – 17;
  • Ысык-Көл облусу – 32;
  • Жалал-Абад облусу – 105;
  • Баткен облусу – 82.
Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 130 633кө жетип, анын ичинен 112 644 бейтап айыкты:
  • Бишкек – 393;
  • Ош – 81;
  • Чүй облусу – 83;
  • Ош облусу – 30;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 17;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 66;
  • Баткен облусу – 21.
Азыркы тапта 4 001 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Анын ичинен 1 151 кишинин абалы оор болсо, 169 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Өткөн суткада 37 медиктен коронавирус аныкталган. Жалпысынан оору жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 5 580 болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0