Жогорку Кеңеште 13 кишиден COVID чыгып, төрага Мамытов ооруканага түштү

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Оорулуулар менен байланышта болгон 36 кызматкер ооруну алдын алуу жана жайылтпоо максатында обочолонуп, аралыктан иштөө режимине өткөрүлгөн.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ден соолугу начарлагандыгына байланыштуу изоляцияда болуп, кечээ, 28-июндан тарта ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Суворов окуу жайынын жетекчилиги менен коронавирус жуктурган бейтаптарды жаткыруу үчүн орун даярдоо тууралуу сүйлөшүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Министр Бейшеналиев коронавирустан сакайып, ишке чыкты. Сүрөт
Учурда Жогорку Кеңештин аппаратынын жалпы 13 кызматкеринде, анын ичинде төраганын кабылдамасында иштегендердин арасында коронавирус илдети аныкталганы айтылды.
Алар менен байланышта болгон 36 кызматкер ооруну алдын алуу жана жайылтпоо максатында обочолонуп, аралыктан иштөө режимине өткөрүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0