07:41 02 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7585
  • EUR100.8923
  • RUB1.1589
Коом
Кыскача шилтеме алуу
197 0 0

Өлкө башчы көзөмөл-өткөрмө пунктунун инфраструктурасы ЕАЭБ стандарттарына ылайык келип, чек арадан өткөн унаалар үчүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүшү керектигин баса белгиледи.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров во время ознакомления с деятельностью контрольно-пропускного пункта Торугарт в рамках рабочей поездки в Нарынскую область
    Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Контрольно-пропускной пункт Торугарт на границе Кыргызстана и Китая в Нарынской области
    Мамлекет башчысына жүктөрдү өткөрүү тартиби, анын ичинде радиациялык-порталдык мониторлордун иши, жүктөрдүн инспекциялык тыкыр текшерүүдөн өтүүсүнө мүмкүндүк берген, эсепке алынбай калган товарларды өткөрүп жиберүү тобокелдигин жокко чыгарган автоматташтырылган инспектордук-текшерүү комплекси көрсөтүлдү
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Проверка грузового авто на контрольно-пропускном пункте Торугарт на границе Кыргызстана и Китая в Нарынской области
    Өтүп жаткан жүк жана унаалар боюнча бардык маалыматтар бажы базасында 10 жыл бою сакталып турат
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров во время ознакомления с деятельностью контрольно-пропускного пункта Торугарт в рамках рабочей поездки в Нарынскую область
    Президент көзөмөл-өткөрмө пунктунун жакшыртылган инфраструктурасы ЕАЭБ стандарттарына толугу менен ылайык келип, чек арадан өткөн унаалар үчүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүшү керектигин баса белгиледи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров во время ознакомления с деятельностью контрольно-пропускного пункта Торугарт в рамках рабочей поездки в Нарынскую область
    Жапаров "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө пунктунун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүп, санкцияланбаган жана эсепке алынбаган товарларды ташып кирүү тобокелдигин жоюу үчүн автоматташтырылган бажы системасынын ишин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү тапшырды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Контрольно-пропускной пункт Торугарт на границе Кыргызстана и Китая в Нарынской области
    Мындан сырткары, Мамлекеттик бажы кызматына "Торугарт" чек ара тозотунун азыркы инфраструктурасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иштетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 6
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышты

Мамлекет башчысына жүктөрдү өткөрүү тартиби, анын ичинде радиациялык-порталдык мониторлордун иши, жүктөрдүн инспекциялык тыкыр текшерүүдөн өтүүсүнө мүмкүндүк берген, эсепке алынбай калган товарларды өткөрүп жиберүү тобокелдигин жокко чыгарган автоматташтырылган инспектордук-текшерүү комплекси көрсөтүлдү. Өтүп жаткан жүк жана унаалар боюнча бардык маалыматтар бажы базасында 10 жыл бою сакталып турат.

"Бүгүнкү күндө товарларды ташуу бирдиктүү алгоритмге ылайык ишке ашырылып, коронавирус пандемиясы шартында зарыл болгон дезинфекциялык чараларды колдонуу менен жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди. Азыркы учурда Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүнүн алкагында көзөмөл-өткөрмө жайын модернизациялоо иштери улантылууда. Ага ылайык, бажы көзөмөлүнөн өткөрүүчү кошумча жабдуулар жана программалардын комплекси орнотулуп, объект толук камсыздалат. Бардык иштерди 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландаштырылган", — деп айтылат маалыматта.

Президент көзөмөл-өткөрмө пунктунун жакшыртылган инфраструктурасы ЕАЭБ стандарттарына толугу менен ылайык келип, чек арадан өткөн унаалар үчүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүшү керектигин баса белгиледи.

Жапаров "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө пунктунун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүп, санкцияланбаган жана эсепке алынбаган товарларды ташып кирүү тобокелдигин жоюу үчүн автоматташтырылган бажы системасынын ишин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү тапшырды.

Мындан сырткары, Мамлекеттик бажы кызматына "Торугарт" чек ара тозотунун азыркы инфраструктурасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иштетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Тема боюнча

Дем алышта 15 киши мерт болду. Жапаров ИИМге жол кырсыгын алдын алууну тапшырды
29 унаа өтсө, 17си гана катталган. Марипов "Сосновканы" капыстан текшерди
Белгилер:
Садыр Жапаров, Нарын облусу, иш сапар, Торугарт, чек ара, Кытай

ЭҢ МААНИЛҮҮ