10:13 26 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска каршы эмдөө (252)
57 0 0

Мозгачеванын айтымында, коронавируска каршы вакцинанын экинчи партиясы келери менен убактылуу жабылган атайын пунктулардын иши жанданат.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жумушта иштегендер жамаатынын тизмесин берип, эмдөөдөн өтсө болот. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымына караганда, 20дан ашык адамдан турган жамааттык тизмени шаардык саламаттык сактоо башкармалыгына же райондук администрацияга берүү керек. Мындай учурда жакынкы Үй-бүлөлүк медицина борборунун адистери көрсөтүлгөн дарекке барып вакцина сайып кетишет.

Ал Саламаттык сактоо министрлиги вакцина алып келсе, ушундай ыкма менен иш башталарын белгиледи.

"Биз вакцинанын биринчи партиясы келгенде атайын пунктуларды ачканбыз. Жарандарга жумуштан кийин дагы эмдөөдөн өтүүгө шарт түзүү максатында кечки пунктулар уюштурулган. Учурда мындай режимде студенттердин бейтапканасы иштеп жатат. Вакцинанын экинчи партиясын алганда пунктулар ишин жандантат", — деди вице-мэр.

Эске салсак, бүгүн россиялык "Спутник V" вакцинасынын жеткирилиши күтүлүүдө, ал эми жакын арада кытайлык Sinopharm препаратынын 150 миң дозасы алып келинет.

Буга чейин россиялык вакцина 65 жаштан жогорку курактагылар менен өнөкөт оорулары барларга, кытайлык препарат каалоочуларга сайылган.

Тема:
Коронавируска каршы эмдөө (252)

Тема боюнча

Бүгүн Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын 80 миң дозасы алып келинет
Бишкекте коменданттык саат жарыяланабы? Мэриянын жообу
Белгилер:
Бишкек, вакцина, Спутник V, Sinopharm

ЭҢ МААНИЛҮҮ