09:30 24 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.6481
  • EUR101.0106
  • RUB1.1649
Коом

Сүймөнкул Чокморов жубайы Салима Шабазова менен музейде. Таберик сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (153)
327 0 0
СССРдин эл артисти, белгилүү актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов жана анын келинчеги Салима Шабазованын сүрөтү 1982-жылы Фрунзе шаарындагы музейлердин биринде тартылган
© Sputnik / Фред Гринберг

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

СССРдин эл артисти, белгилүү актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов жана анын келинчеги Салима Шабазованын сүрөтү 1982-жылы Фрунзе шаарындагы музейлердин биринде тартылган.

Ошол жылдары Чокморов көптөгөн тасмада роль жаратып атагы алыска кетсе, жубайы Шабазова борбор калаадагы Гапар Айтиев атындагы Мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде директор болуп иштеп турган эле.

Ал кезеңди жана жубайларды КРдин эл сүрөтчүсү Абдрай Осмонов мындайча эскерет:

"Сүймөнкул менен жакшы мамиледе элек, катышыбыз бар болчу. Салима экөө Фрунзедеги сүрөт окуу жайына 1953-жылы тапшырып, ошол жактан кыз-жигит болуп жүрө башташкан. Аны аяктагандан кийин Ленинграддагы көркөм институтунда алты жыл бирге окушту. Сүймөнкул живопись, Салима искусство таануу бөлүмүндө билим алып, окуу жайды 1964-жылы бүтүп келишкен. Студент кездеринде эле үйлөнүп, тою Чоң-Таш айылында болгону эсимде. 1968-жылы Сүймөнкул режиссёр Болот Шамшиевдин "Караш-караш окуясында" тартылып калып, кийин бир топ фильмдерде образ жаратты. Сүрөтчүнүн аялы жолдошуна дем-күч берген, анын чыгармачылыгын түшүнгөн жан болушу керек. Салима өзү да кээде сүрөт тартып койчу, искусство таануучу катары бул тармакты ийне-жибине чейин түшүнчү. Сүймөнкул узак убакыт ооруп жүрүп каза болгондон кийин Салима эки-үч жыл туруп эле кетип калды", — деди Осмонов.

Белгилүү киноактёр менен искусство таануучу он жыл бирге түтүн булаткандан кийин гана Бактыгул аттуу уулдуу болгон.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (153)

Тема боюнча

Чокморовду кастарлаган киночулар. 40 жыл мурунку таберик сүрөт
Жусуп Мамай, Айтматов, Баекова, Жакиев. "Манас" мааракесинен таберик сүрөт
"Уулдуу болуп" сүйүнгөн Рыскулов менен Турсунбаева. Баткендеги таберик сүрөт
Белгилер:
Салима Шабазова, таберик сүрөт, Сүймөнкул Чокморов

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ