Кыргызстанга келген туристтерден COVID-19га каршы вакцина алуу талап кылынбайт

© Фото / пресс-служба ОАО "МАМ" / Марат Абдраев"Манас" эл аралык аэропортундагы учак. Архив
Манас эл аралык аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Эмдөө дүйнө жүзүндө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлгөндүктөн чет элдиктер коронавируска тапшырган ПЦР-анализинин терс жыйынтыгы менен гана өлкөгө кире алат.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстандын аймагына кирген туристтерден коронавируска каршы вакцина алгандыгын тастыктаган сертификат милдеттүү түрдө талап кылынбайт. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.
Республикалык ыкчам штаб дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоо ыктыярдуу түрдө жүргүзүлүп жатканын белгилеген. Бирок чет элдик коноктордун коронавируска тапшырган ПЦР-анализи сөзсүз каралат.
Учурдагы алгоритмдерге ылайык, тесттин терс жыйынтыгы үч суткага чейин эле жарактуу деп эсептелинет.
Жаңылыктар түрмөгү
0