"Манас" аэропортунун төрт автобусу бишкектиктерди ташымай болду. Сүрөт

© пресс-служба мэрии города БишкекСитуация в Бишкеке из-за забастовок водителей маршрутного такси
Ситуация в Бишкеке из-за забастовок водителей маршрутного такси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Төрт микроавтобусту убактылуу колдонууга "Манас" эл аралык аэропорту берди. Транспорт маселеси чечилгенче шаардыктарды ташыйт.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы маршрутка айдоочулары иш таштаганына байланыштуу убактылуу төрт микроавтобусту ишке киргизди.
Маалыматка караганда, транспортту "Манас" эл аралык аэропорту берген. 
© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек мэриясы маршрутка айдоочулары иш таштаганына байланыштуу убактылуу төрт микроавтобусту ишке киргизди
Ситуация в Бишкеке из-за забастовок водителей маршрутного такси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бишкек мэриясы маршрутка айдоочулары иш таштаганына байланыштуу убактылуу төрт микроавтобусту ишке киргизди
"Маселе чечилгенче бул автобустар № 100 автобустун маршруту боюнча эл ташыйт", — деп айтылат маалыматта.

Айдоочулардын иш ташташы

Жүргүнчү ташыган микроавтобустар бүгүн жумушка чыккан жок. Эскерте кетсек, ушул жылдын 18-январында 400 маршрутканын айдоочусу тариф саясатын кайра карап чыгуу талабы менен иш ташташкан. Андан кийин үч вариант иштелип чыгып, мэрия апрелдин соңунда шаардыктардын кароосуна сунуштаган.
Депутат Марлен Маматалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Маматалиев: ишке чыкпаган маршруткалардын лицензиясын алып, башкага берели
1-июнь күнү муниципалитет жол кирени көбөйтүү шаардык кеңештин депутаттары чогулгандан кийин гана карала турганын билдирген болчу. Депутаттар 11-июлда кайра шайланмай болгондуктан азырынча борбор калаада эл өкүлдөрү жок.
Ошол эле күнү социалдык тармактарда маршрутка айдоочулары кайрадан иш таштай тургандыгы тууралуу маалыматтар тараган.
Бүгүн Бишкекте эртең менентен баштап жолдогу машиналардын көптүгүнөн тыгын жаралууда.
Автобустар менен троллейбустарда киши көп. Такси кызматтары менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын айтып тургундар нааразы болуп жатышат.
Учурда Бишкекте абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0