Баткенде чек ара чырынан документин жоготкон 17 киши жаңы паспорт алды

© Sputnik / Эламан КарымшаковКыргыз-тажик чек ара чырынан улам Баткен шаарына эвакуацияланган жарандар. Архив
Кыргыз-тажик чек ара чырынан улам Баткен шаарына эвакуацияланган жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борбору (ЦОН) иштөө тартибин өзгөртүп, саат 20:00гө чейин иштеп жатканы айтылды.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргыз-тажик чек ара чырынан документтерин жоготкон Баткендин 17 тургуну жаңы паспорт алды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, чек ара жаңжалында документтерин жоготкондорго Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү жардам берип, жеринде документтерди кабыл алышууда.
"Бүгүнкү күндө ID-кард үлгүсүндөгү паспорт алуу үчүн 49, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн эки, нике күбөлүгүн алуу үчүн бир жарандын арызы кабыл алынган. 18-майда 17 киши жаңы паспорт алды", — деп айтылат маалыматта.
Кырдаалга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борбору (ЦОН) иштөө тартибин өзгөртүп, эртең мененки саат 8:00дөн кечки саат 20:00гө чейин иштеп жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0