Өткөн суткада 200 кишиден коронавирус табылып, 6 бейтап көз жумду

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматкерлери. Архив
Тез жардам кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Жазылуу
Азыркы тапта 1 768 бейтап стационарда дарыланууда. Анын ичинен 464 бейтаптын абалы оор болсо, 86 кишиники өтө оор деп бааланды.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 200 кишиден табылып, 235 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 124;
  • Ош – 1;
  • Чүй облусу – 37;
  • Ош облусу – 7;
  • Талас облусу – 5;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 6.
Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 99 845ке жетти. Анын ичинен 92 953 бейтап дартты жеңген.
Айыккандар:
  • Бишкек – 166;
  • Ош шаары – 4;
  • Чүй облусу – 45;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 3;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Баткен облусу – 1.
Тилекке каршы, бир сутка ичинде коронавирустан алты киши каза тапкан. Анын төртөө Бишкектен болсо, бири Чүйдөн, дагы бири Ысык-Көл облусунан экени айтылды.
Азыркы тапта 1 768 бейтап стационарда дарыланууда. Анын ичинен 464 бейтаптын абалы оор болсо, 86 кишиники өтө оор деп бааланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0