Ичеги-карынга пайдалуу азыктар айтылды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүТуздалган бадыраң. Архив
Туздалган бадыраң. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Жазылуу
Ачытылган азыктарда пробиотиктер пайда болуп, ичегинин иштешин жакшыртат. Дарыгер мындай тамакты туура пайдалануу маанилүү экенин белгиледи.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Ферменттелген тамак ичеги-карын микрофлорасына пайдалуу болуп саналат. Бул тууралуу россиялык дарыгер Елена Смирнова айтканын Р-Спорт маалымат булагы жазды.
Ферменттелген деп ачытуу процессинен өткөн азыктар аталат. Аларда пробиотиктер пайда болуп, ичегинин иштешин жакшыртат. Мындай азыктарга ачытылган капуста, кефир жана табигый айран, туздалган бадыраң менен помидор, маринаддалган алма жана козу карын кирет.
Гипермаркет АШАН в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Организмди жаш бойдон сактаган 10 азык. Тизме
Бул азыктар ашказандан пайдалуу суюктуктарды, уйку безинен жана өттөн ферменттердин бөлүнүп чыгышын шарттайт. Ошондой эле нерв импульстарын өткөрүүгө таасир этет, иммундук коргонууну жогорулатып, калориясы төмөн болгондуктан салмактын азайышына өбөлгө түзөт.
Дарыгер мындай тамакты туура пайдалануу маанилүү экенин белгиледи. Ашыкча тамактануу шишикти пайда кылышы мүмкүн. Мындан тышкары, ачытылган тамакта туз көп болот. Смирнова аларды күнүмдүк рационго киргизүүдө гастроэнтерологдон кеңеш суроо зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0