18:26 16 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
Коом
Кыскача шилтеме алуу
173 0 0

Аллергиясы барлар кийимин алмаштырып, үйгө барары менен жуунушу шарт. Ошондой эле аларга үйгө аба нымдоочу жабдууларды орнотуу да сунушталган.

БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Аллерголог Елена Щупляк бак-дарак, өсүмдүктөрдүн чаңын жактырбай, реакция кылуу бара-бара астмага жеткирерин айтып, аллергия менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолдорун айтты. Адистин кеңеши РИА Новостиге жарыяланды.

Аллергологдун айтымында, апрель-май айларында гүлдөгөн бак-дарактардын чаңына аллергиясы барларга адатта дары-дармек, спрей жардам берет. Мындан сырткары, аллергиясы барлар кийимин алмаштырып, үйгө барары менен жуунушу шарт. Ошондой эле үйгө аба нымдоочу жабдууларды орнотуу да сунушталган.

Адис күн сайын бөлмөдө чаң турчу жерлерди маал-маалы менен нымдуу чүпүрөк менен аарчып турууну да эскерткен.

Аллерголог узак убакытка чейин гүлдөгөн өсүмдүктөргө аллергиясы барлардын оорусу менен күрөшүү оорураак экенин белгиледи. Бул илдет менен күрөшүүнүн эң мыкты ыкмасы — дарыгерге кечиктирбей көрүнүү. Адиске эрте кайрылгандар айрым учурда дартты толугу менен жеңип кете алат.

Тема боюнча

Абдылдаев: аллергиктер эмнеге аллергиясы бар экенин так биле беришпейт
Жазгы аллергиядан кантип сактанса болот? Иммунологдун кеңеши
Белгилер:
кеңеш, бак-дарак, аллергия

ЭҢ МААНИЛҮҮ