17:15 16 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1392)
221 0 0

Адистин айтымында, баланын дем алуусуна жана денедеги кызыл бүдүр тактарына жакшылап көңүл буруу керек.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Коронавирус инфекциясын балдар оор көтөрүп жатканын кантип байкаса болорун РИА Новости агенттигине Роспотребнадзордун эпидемиологу Александр Горелов айтып берди.

"Баланын дем алуусу оорлосо, үч күндөн ашык дене табы көтөрүлсө дарыгерге кайрылып, рентгенографияга түшүшү керек. Бул вирус организмди алсыратып, илдет оор өтүп жатканынан кабар берет", — деди Горелов.

Ошондой эле баланын денесине кызыл бүдүрлөрдүн чыгышы Кавасаки синдромунан да кабар берет. Ал эми сасык тумоонуку сыяктуу белгилерден коркуунун кереги жок, бирок такыр да көңүл бурбай койгон болбойт.

Адис кошумчалагандай, адатта чоңдорго салыштырмалуу балдарда коронавирус инфекциясы жеңил өтөт. Бир жылдык изилдөө жугуштуу ооруну оор көтөргөндөр бейтаптардын 0,2 пайызын балдар түзгөн.

Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1392)

Тема боюнча

Крематорий жетишпей көчөдө өрттөлгөн сөөктөр. Индиядагы COVID апааты сүрөттө
Белгилер:
оору, балдар, коронавирус

ЭҢ МААНИЛҮҮ