Саламаттык сактоо министрлигинен кеткен Нурболот Үсөнбаев жаңы ишке орношту

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Нурболот Үсөнбаев. Архив
Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Нурболот Үсөнбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жазылуу
Министр Алымкадыр Бейшеналиев буга чейинки эки орун басарын кызматтан алган. Алардын бири Фтизиатрия улуттук борборун жетектей баштаган.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Нурболот Үсөнбаев Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Саламаттык сактоо министрлигинин символикасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Саламаттык сактоо министринин эки орун басары дайындалды. Алар кимдер?
Үсөнбаев 2020-жылдын башынан бери саламаттык сактоо министринин орун басары болгон. Ага чейин азыр дайындалган кызмат ордунда иштеп келген.
Эске салсак, министрдин орун басарлары Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев 25-мартта кызматтан алынган.
Каратаев Фтизиатрия улуттук борборунун жетекчиси болуп дайындалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0