Эртең Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт

© AFP / FRANCK FIFEСуу тамып жаткан кран. Архив
Суу тамып жаткан кран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Жазылуу
Суу кампасын оңдоого жана түтүктөрдү жайкы мезгилге даярдоого байланыштуу суу берүү үзгүлтүккө учурайт.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Эртең, 15-апрелде, Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында суу өчүрүлөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ичүүчү суунун үзгүлтүккө учурашы "Батыш-2" суу кампасындагы оңдоо иштерине жана суу түтүктөрүн жайкы мезгилге даярдоого байланыштуу экени айтылат.
Төмөнкү көчөлөрдө саат 09:00дөн 21:00гө чейин суу берилбейт:
  • Жибек Жолу, Манас проспектилеринин бир бөлүгү, темир жол линиясы жана Ала-Арча дарыясы;
  • Махатма Ганди көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейин;
  • Журнальная көчөсүнүн Жибек Жолу проспектинен Күрөңкеев, Мичурин көчөсүнө чейин;
  • Ала-Арча дарыясынын Осташовкская, Москва жана Ден Сяопин көчөлөрү тарапта;
"Бишкек суу канал" ишканасы түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, шаардыктарды алдын ала таза суу камдап алууга чакырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0