Эртең Бишкектин бир катар көчөсүндө түнгө чейин суу болбойт. Тизме

© Sputnik / Жоомарт УраимовБутылкага куйулган суу. Архив
Бутылкага куйулган суу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Жазылуу
Мэрия мындай чара шаардагы суу тосмолорунда жана суу түтүктөрү тармагындагы оңдоо иштерине байланыштуу экенин айтууда.
БИШКЕК, 12-апр — Sputnik. Эртең, 13-апрелде, Бишкектин батыш бөлүгүнүн көпчүлүк аймактарында саат 09:00дөн түнкү 22:00гө чейин суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ооз ачууга даярданып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Орозо кармоочулар 13-апрелдин таңында ооз бекитет. Убакыт-сааты
Юнусалиев көчөсү менен чектелген Чайковский, Айни, Лев Толстой, Садырбаев, Космос көчөлөрүндө, Жумушчулар шаарчасы, Дыйканчылык институту аймактарында, ошондой эле Ак-Өргө, Ак-Ордо (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабынан), Теңир-Тоо (Ахунбаев көчөсүнөн ылдый) конуштарында суу болбойт.
Жаңылыктар түрмөгү
0