Үйрөнчүк айдоочуларга кандай автоунаалар ылайыктуу. Тизме

© Фото / Pixabay/ freestocks-photosАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Жазылуу
Адис үйрөнчүктөргө автоматтык түрдө башкарылган унааларды айдоону сунуштаган. Ошондой эле биринчи айдап жатканда майда-барат кырсыктар болушу мүмкүн деген.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Автоунаа айдаганды жаңы үйрөнүп жүргөндөргө кандай машиналар туура келерин "Говорит Москва" радиосуна Россиянын улуттук автоунаа союзунун вице-президенти Ян Хайцеэр айтып берди.
Анын айтымында, алгач башкарууга оңой, кымбат эмес, ошол эле учурда коопсуз келген унааларды тандаган оң.
"Үйрөнчүктөр көнгүчө майда-барат жол кырсыгына кабылып, туура эмес токтоп же унаасын чийип алышы мүмкүн. Ошондуктан рулда ишенимдүү болгуча арзан эле машинадан ала туруу керек", — деген эксперт.
Ошондой эле автоматтык түрдө башкарылган унааларды айдоону сунуштаган. Алардын үнөмдүүлөрү АвтоВАЗ, Hundai Solaris, Volkswagen Polo, Renault Logan жана башкалар экенин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0