22:58 23 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.2620
  • EUR99.2101
  • RUB1.1423
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү (53)
311 0 0

Милициянын полковниги эки ай мурда кызматка дайындалган болчу. Ага чейин ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын жетектеген.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек шаардык милициясынын жетекчиси Бакыт Матмусаев кызматтан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында жетекчиге да баа берилип, өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди так аткарбагандыгы аныкталган.

Буга байланыштуу Матмусаевди кызматтан бошотуу боюнча ИИМдин буйругу чыккан.

Милициянын полковниги Бакыт Матмусаев үстүбүздөгү жылдын 15-февралында Бишкек ШИИББдин жетекчиси кызматына дайындалган. Ага чейин ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги болуп иштеп келген.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында жалпысынан жооптуу 12 кызматкер иштен алынып, 32си тартиптик жазага тартылган.

Айзаданын өлүмү

5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

7-апрелде изделип жаткан автоунаа Бишкектин чет жагындагы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.

Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган.

Тема:
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү (53)

Тема боюнча

Айзаданын өлүмү боюнча 44 милиционер жазаланып, жетекчилер кызматтан алынды
ШИИБ башчысы: Айзаданы издөөгө 210 милиционер тартылган
Белгилер:
Бакыт Матмусаев, Бишкек, бошотуу, кызмат, жаза, жетекчи, милиция, өлүм, Айзада Канатбекова

ЭҢ МААНИЛҮҮ