17:00 17 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.5734
  • RUB1.1224
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү (42)
0 0

Шаардык милициянын башчысынын айтымында, 5-апрель күнү эле саат 8:20лар чамасында "Перехват" планы жарыяланган.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уурдалып кийин каза болгон Айзада Канатбекованы 210го жакын милиционер издеди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин жетекчиси Бакыт Матмусаев парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 5-апрель күнү эле саат 8:20лар чамасында "Перехват" планы жарыяланган.

"Ыкчам-иликтөө иштерине Бишкек ШИИБдин борбордук аппаратынын 150дөй, Биринчи май райондук милициянын 60тай кызматкери тартылган. Камераларды караганда Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнөн баштап Ак-Ордого чейин барганы көрүнгөн. Андан ары видео байкоолор жок болгон. "Перехват" жарыялангандан бир саат өткөндөн кийин ал унаа Ак-Ордодон өткөнү көрүнгөн", — деди Матмусаев.

ШИИБ башчысынын билдиришинче, 102 номерине саат 7:28де чалуу түшкөндөн кийин беш мүнөттүн аралыгында Биринчи май райондук милициянын кызматкерлери кабарлаган кызга барып көрсөтмө алган. Ал эми саат 10:30да жоголгон кыз иштеген тигүү цехинен апасына чалып келбегенин айткан. Андан соң апасы 13:34тө милицияга келип арыз жазган.

Айзаданын өлүмү

Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлаган. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.

Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган.

Кечинде кызды ала качууга катыштыгы бар делип бир шектүү кармалды. Бүгүн дагы экинчиси колго түшүрүлгөнү маалым болду.

Тема:
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү (42)

Тема боюнча

Балыкчыда Айзаданын сөөгү жерге берилди. Сүрөт
Үч жолу соттолгон. Айзаданын өлүмүнө себепкер Замирбек тууралуу толук маалымат
Айзаданы ала качууга катышкан экинчи шектүү кармалды. Сүрөт
Белгилер:
милиционер, издөө, Бакыт Матмусаев, өлүм, кыз ала качуу

ЭҢ МААНИЛҮҮ