Митингге чыккандар кийинки бейшембиге чейин деп тарап жатышат. Ар төртүнчү күнү ИИМ имаратынын тосмосуна кызыл лента байлап туруу чечими кабыл алынды.
Элдин арасынан "митингди токтоткула, тынччылык болсун" деген 3-4 аял чыкты. Эл аларды чагымчыл деп атап, сыртка түрткүлөп чыгарып койду. Эки тарапты милиция ажыратты.
Марипов элден убакыт берүүсүн өтүндү. Чогулгандар ИИМ жетекчисинин отставкасын талап кылышууда. Премьер-министр иликтөөдөн кийин баары чечиле турганын айтып кайра кирип кетти.
Митинг Өкмөт үйүнүн алдында уланууда. Келгендер "Ала качуу — кылмыш", "Жетишет!", "Президент жооп берсин" деп кыйкырып турушат.
Митингчилер ИИМ имаратынын алдынан Өкмөт үйүн көздөй жөнөштү. Окуяга президент да, премьер-министр да керт башы менен жооп берсин деген талап айтылды.
Ал арада Бишкекте митингге чогулгандардын саны улам арбып бара жатат. Аларга депутаттар Наталья Никитенко, Дастан Бекешевдер келишти.
Айзада Канатбекованын өлүмү Ош шаарынын тургундарын да митингге чыгарды. Баялинов көчөсүндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башкы имаратынын алдына чогулгандар колдоруна "Жетишет!", "Ал жашагысы келген" деген плакаттарды көтөрүп, "Ала качуу — бул кылмыш!" деп кыйкырып жатышат.
Абдиев күнөөлүү милиционерлер жазаланарын убадалады.
Чогулгандардын алдына министрдин орун басары Нурбек Абдиев чыкты.
Митингге 200гө чукул адам келген. Улам кошулуп жаткандар бар. Акцияга чыккандар "Министрге отставка!" деп кыйкырып, колдоруна ар кандай плакаттарды көтөрүп турушат.
Митинг ИИМ имаратынын алдында өтүүдө.
Уурдалып, андан соң киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын сөөгү бүгүн кичи мекени Балыкчы шаарында жерге берилери айтылууда. Жакындарынын билдиргенине караганда ал үйдүн жалгыз кызы болгон. Апасы экөө Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде иштеп келген. Жакын аралда Түркияга кетерин айтып жатканы кабарланды.
Айзада.. Жүрөгүмду ызалык булкуп анан, Ыйын угам рухуңдун буркураган. Жектеп турам турмушту, зөөкүрлөрдү, Көргө түртүп,...
Опубликовано Бердибеком Жамгырчиевым Среда, 7 апреля 2021 г.
Бишкек милициясынын башчысы Бакыт Матмусаев журналисттердин "Киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин отставкага кетесизби?" деген суроосуна жооп берди.
Анын айтымында, ИИМдин Ички иликтөө кызматы милиционерлердин аракетине юридикалык баа берет. Анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат.
"Мен бул кылмыштын бетин ачып, ишти аягына чейин чыгарышым керек. Бул менин милдетим", — деди ал.
Матмусаев ушул жылдын февраль айында азыркы кызматына дайындалган.
Ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын начальниги Уланбек Айтбаев ИИМде өтүп жаткан маалымат жыйында Айзаданын өлүмүнө себепкер деген Замирбек Теңизбаев тууралуу маалымат берди.
Айтбаев шектүү тууралуу маалыматтар анын инисинен алынганын белгиледи.
"Замирбектин инисинин айтымында, ал буга чейин Россияда иштеп жүрүп каракчылык үчүн соттолуп чыккан. Башка өлкөнүн жаранына үйлөнүп, эки балалуу болуптур. Бирок бул маалыматтар дагы такталат. Шектүү 2017-жылы Кыргызстанга келип, таксист болуп иштеп баштаган. Башында батирлерде жашап жүрүп, кийин акыркы эки-үч айдан бери автоунаада түнөп, ошол жакта эле жашап калганын айтышты", — деди милициянын өкүлү.
Эл өкүлдөрү ички иштер министри Улан Ниязбековдун келишин талап кылышууда.
Ал арада депутаттар да Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча талкуулашты. Депутат Эмил Токтошев плакат көтөрүп келип, нааразычылыгын билдирди.
Окуя коомчулуктун үрөйүн учуруп, ИИМ кызматкерлерине нааразычылык күчөп жатат.
Кыздын сүрөтүндө "Бурулай, Айзада... дагы ким?" деп жазылган. Жарыяланган билдирүүлөр #требуемперемен #оңолкыргызэл #ойлон #тажадым #реформамвд #отставкамвд деген хештегдер менен коштолгон.
Кыздарды, айымдарды, жаш балдарды сыйлабаган, сактабаган коом болдук. Кайдан кыргыз мырзалары мындай деңгээлге жетти,...
Опубликовано Атыр Абдрахматова Среда, 7 апреля 2021 г.
Бүгүн эртең менен Бишкек шаардык милициясынын жетекчиси Бакыт Матмусаев баштаган ИИМ өкүлдөрү Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маалымат жыйын курушту. Анда милиционерлер кызды издөө иштерин бир да мүнөт токтотпогону айтылды. Ал эми маркумдун сөөгү табылган машина тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабарлап, аталган автоунаа эки күндөн бери талаада токтоп турганын билдирген.