13:26 09 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7724
  • EUR102.4644
  • RUB1.1435
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2700)
218 0 0

Кыргызстанда жүргөн вирус түрлөрү мурда Россия, АКШ, Нидерланд, Германия, Исландия, БАЭ, Латвия, Щвейцария, Щвеция, Япония жана Израилде аныкталганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустун "британиялык" штаммы табылган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдап, өлкөдө кайсы мамлекеттерде жүргөн вирустар бар экенин билдирди.

Маалыматка караганда, февраль айында Кыргызстандын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Лондон шаарындагы референс-лабораториясына 20 үлгү жөнөткөн.

"Жыйынтыгында вирустун В түрүнө кирген 9 штамм табылды. "Британиялык" штамм аныкталган жок. Кыргызстанда жүргөн вирустун түрлөрү мурда Россия, АКШ, Нидерланд, Германия, Исландия, БАЭ, Латвия, Щвейцария, Щвеция, Япония жана Израилде аныкталганы белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Февраль айында Роспотребнадзор мекемесинин молекулярдык-генетикалык лабораториясына жиберилген үлгүлөрдө мутация болгон штаммдар аныкталган. Мындан улам тереңдеп изилдөө үчүн Москва шаарына жөнөтүлгөн.

Ал эми 26-март күнү Роспотребнадзордун Новосибирк шаарындагы лабораториясына жиберилген үлгүлөр ушул тапта изилдөөдөн өткөрүлүп жатат.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2700)

Тема боюнча

Кыргызстандагы COVID: оору 124 кишиден аныкталып, эки бейтап каза болду
Белгилер:
иликтөө, штамм, коронавирус, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ