Новиков: Бишкекте мобилдик бригадалар көбөйтүлүп, тынымсыз байланыш иштейт

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПервый вице-премьер-министр Кыргызстана Артем Новиков во время совещания с руководством Центра экстренной медицины города Бишкек
Первый вице-премьер-министр Кыргызстана Артем Новиков во время совещания с руководством Центра экстренной медицины города Бишкек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Биринчи вице-премьер күн сайын коронавирус менен ооругандардын саны өсүп жатканын айтып, кошумча стационарларды ачуу зарылдыгын белгиледи.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бишкекте COVID-19 боюнча кырдаалды турукташтыруу учурунда мобилдик бригадалардын саны сегизден 13кө көбөйтүлүп, call-борбор тынымсыз иштей баштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артём Новиков билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Биринчи вице-премьер Бишкек шаарынын Ыкчам медицина борборуна барып, ишмердүүлүгү менен таанышкан.
"Күн сайын коронавирус менен ооругандардын саны өсүп жатат. Калаанын бийлиги начар иш алып барууда. Коомдук жайларда, транспорттордо санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталбай, жарандар бет кап кийбей калышты. Бул арада инфекциялык ооруканага киши толуп, кошумча стационарларды ачуу пландалууда", — деди Новиков.
Ал ошондой эле ӨКМге "кызыл зонада" иштеген дарыгерлерге ысык тамак уюштуруу, Бишкек мэриясына санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча ишти күчөтүү тапшырмасын берди.
Жаңылыктар түрмөгү
0