04:00 06 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7914
  • EUR101.7878
  • RUB1.1267
Коом
Кыскача шилтеме алуу
64 0 0

Тазалоо ишине чыккандар калааны таштандыдан арылтып, дарактарды актап, имараттардын сырткы көрүнүшүн сырдашкан.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Ошто жалпы шаардык ишембилик өткөрүлүп, 700 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

  • Общегородской субботник в городе Ош
    Ошто жалпы шаардык ишембилик өткөрүлүп, 700 тонна таштанды чыгарылды
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Общегородской субботник в городе Ош
    Бүгүнкү ишембиликке шаардагы бардык уюмдардын, муниципалдык мекемелердин жана саламаттык сактоо, билим берүү жана башка ведомстволордун эмгек жамааты чыгышкан
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Общегородской субботник в городе Ош
    Алардын катарында жогорку окуу жайлардын, бала бакчалардын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар дагы бар
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Общегородской субботник в городе Ош
    Алар калааны таштандыдан арылтып, дарактарды актап, имараттардын сырткы көрүнүшүн сырдап, арыктарды жана тротуарларды тазалашкан
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Общегородской субботник в городе Ош
    "Ош-Тазалык" ишканасы саат 12:00гө карата алынган маалымат боюнча, полигонго 700 тонна таштанды ташылганын билдирген.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 5
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ошто жалпы шаардык ишембилик өткөрүлүп, 700 тонна таштанды чыгарылды

Президент Садыр Жапаров аппаратынын жетекчилиги жана кызматкерлери менен бирге Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын аймагында ишембилик өткөрдү.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Бүгүнкү ишембиликке шаардагы бардык уюмдардын, муниципалдык мекемелердин жана саламаттык сактоо, билим берүү жана башка ведомстволордун эмгек жамааты чыгышкан. Алардын катарында жогорку окуу жайлардын, бала бакчалардын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар дагы бар.

Алар калааны таштандыдан арылтып, дарактарды актап, имараттардын сырткы көрүнүшүн сырдап, арыктарды жана тротуарларды тазалашкан.

"Ош-Тазалык" ишканасы саат 12:00гө карата алынган маалымат боюнча, полигонго 700 тонна таштанды ташылганын билдирген.

Тема боюнча

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштар алынып жатат. Сүрөттөр
Белгилер:
тазалоо, ишембилик, таштанды, Ош шаары

ЭҢ МААНИЛҮҮ