04:53 06 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7914
  • EUR101.7878
  • RUB1.1267
Коом
Кыскача шилтеме алуу
129 0 0

Шаардык милиция офицерлердин жубайлары аларды тынчсыздануу менен жумушка узатып, күтүп, оор түйшүгүн бирге тартарын белгилешти.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бишкектеги милиция кызматкерлеринин жубайлары "Офицердин жары" медалы менен сыйланышты. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.

  • В Бишкеке прошло торжественное мероприятие по случаю вручения ведомственных медалей Жена офицера супругам столичных милиционеров. 16 марта 2021 года
    Бишкектеги милиция кызматкерлеринин жубайлары "Офицердин жары" медалы менен сыйланышты
    © Фото / пресс-служба ГУВД г. Бишкек
  • В Бишкеке прошло торжественное мероприятие по случаю вручения ведомственных медалей Жена офицера супругам столичных милиционеров. 16 марта 2021 года
    Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады
    © Фото / пресс-служба ГУВД г. Бишкек
  • Ведомственные медали Жена офицера для супруг столичных милиционеров. 16 марта 2021 года
    Билдирүүдө офицердин жубайы болуу оңой эместиги, күн сайын жүрөгүндөгү тынчсыздануу менен күйөөсүн жумушка узатып, анын келишин чыдамсыздык менен күтүп, ошол эле маалда балдарга кам көрөрү белгиленди
    © Фото / пресс-служба ГУВД г. Бишкек
  • В Бишкеке прошло торжественное мероприятие по случаю вручения ведомственных медалей Жена офицера супругам столичных милиционеров. 16 марта 2021 года
    Офицердин жары күйөөсүнүн кызматындагы күтүүсүз коркунучтар, ыкчам иш-чаралар жана командировкалар сыяктуу оор түйшүктү бирге тартат
    © Фото / пресс-служба ГУВД г. Бишкек
  • В Бишкеке прошло торжественное мероприятие по случаю вручения ведомственных медалей Жена офицера супругам столичных милиционеров. 16 марта 2021 года
    Ошондой эле милиционерлерге Ата Мекен үчүн жан дүйнөсү менен ак кызмат кылууга шарт түзүп берип, коомдун коопсуздугун камсыз кылууга чоң салым кошуп жатышат", — деп айтылат маалыматта
    © Фото / пресс-служба ГУВД г. Бишкек
  • Заместитель начальника ГУВД г. Бишкек Нурбек Калыкеев во время торжественного вручения ведомственных медалей Жена офицера супругам милиционеров в Бишкеке. 16 марта 2021 года
    Бишкек милициясынын башчысынын орун басары офицерлерди колдогон жана аларга кам көргөн аялдар медалдан да чоң сыйлыкка татыктуу экенин белгиледи.
    © Фото / пресс-служба ГУВД г. Бишкек
1 / 6
© Фото / пресс-служба ГУВД г. Бишкек
Бишкектеги милиция кызматкерлеринин жубайлары "Офицердин жары" медалы менен сыйланышты

Билдирүүдө офицердин жубайы болуу оңой эместиги, күн сайын жүрөгүндөгү тынчсыздануу менен күйөөсүн жумушка узатып, анын келишин чыдамсыздык менен күтүп, ошол эле маалда балдарга кам көрөрү белгиленди.

"Офицердин жары күйөөсүнүн кызматындагы күтүүсүз коркунучтар, ыкчам иш-чаралар жана командировкалар сыяктуу оор түйшүктү бирге тартат. Ошондой эле милиционерлерге Ата Мекен үчүн жан дүйнөсү менен ак кызмат кылууга шарт түзүп берип, коомдун коопсуздугун камсыз кылууга чоң салым кошуп жатышат", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек милициясынын башчысынын орун басары офицерлерди колдогон жана аларга кам көргөн аялдар медалдан да чоң сыйлыкка татыктуу экенин белгиледи.

Тема боюнча

Өлкөдө аялдардын канча пайызы иштеп, кандай пенсия алат. Статистика
Белгилер:
аял, офицер, милиция, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ