Бүгүн Бишкекте карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлөт

© AFP / ISHARA S.KODIKARAЖарык өчүрүү учурунда. Архив
Жарык өчүрүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Жазылуу
Бишкек шаарында 8 500дөн ашык абоненттин дебитордук карызы бар. Бирок абоненттердин жалпы бересеси канча экени айтылган эмес.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бүгүн, 16-март күнү, Бишкек шаарында 8 500дөн ашык абоненттин жарыгы дебитордук карызы үчүн өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.
"Мындай ыңгайсыздыктар болбошу үчүн жарандарды электр энергиясы үчүн акыны убагында төлөөгө чакырабыз. Кандайдыр бир себептер менен колуңузга квитанция тийбей калган күндө дагы "Түндүк электр" ишканасынын расмий сайты https://se.kg аркылуу же 1209 кыска номеринен өз балансын билип алса болот. Маалымат 0551 001209 WhatsApp номери аркылуу дагы берилет", — деп айтылат билдирүүдө.
Абоненттердин жалпы карызы канча экени маалыматта айтылган эмес.
Электр подстанциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
16-мартта Бишкектин 17 көчөсүндө жарык жок болот. График
Эскерте кетсек, "Түндүк электр" ишканасы Бишкек шаарын, Чүй жана Талас облустарын электр энергиясы менен камсыздайт.
Мекемеден билдиришкендей, карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, "БТА Банк", ошондой эле UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары, "Айыл Банкы", "Дос Кредо Банкы", "БТА Банкы", "КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы" терминалдарынан, ошондой эле "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы аркылуу төлөөгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0