Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Арам Нерсесян / Медиабанкка өтүүТуман учурунда электр зымдары. Архив
Туман учурунда электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Жазылуу
6-мартка караган түнү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Жолдорго муз тонуп, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көлдө +4…+9, Нарын өрөөнүндө +1…+6 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0