Марттан тарта шаардагы көчө шыпырган "тазалыкчылардын" айлыгы көтөрүлмөй болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тазалык" исканасынын кызматкерлери. Архив
Тазалык исканасынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Жазылуу
8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата "Тазалык" ишканасында иштеген аялдарга сый акы бериле турганы маалым болду.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Март айынан тарта Бишкектеги көчө шыпыргандардын айлыгы 40 пайызга чейин жогорулайт. Бул тууралуу "Тазалык" ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева Facebook баракчасына жазды.
Маданият кызматкерлери көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2021
Жапаров маданият кызматкерлеринин айлыгын көтөрүп, үй берүүнү убадалады
Айлык маянаны жогорулатуу жана кызматкерлерге сый акы берүү демилгеси мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жана "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашовдун колдоосу менен ишке аша турганы кошумчаланды.
Майрамды утурлай "Тазалык" ишканасында иштеген аялдарга сый акы берилери маалым болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0