09:24 09 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7992
  • EUR95.6874
  • RUB1.1483
Коом
Кыскача шилтеме алуу
112 0 0

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бүгүн, 1-мартта, юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү, тагыраагы, аны саат 00:00гө чейин тапшырып жетишип калуу керек. Бул туурасында Салык кызматынан эскертишти.

"Бүгүн аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 12.00гө чейин кабыл алышат. Эске салсак, 1-мартка чейин бирдиктүү салык декларациясын жергиликтүү уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү", — деп айтылат маалыматта.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Тема боюнча

Сазыков: учурда 230 миңден ашуун адам салыкты онлайн төлөп жатат
Белгилер:
Кыргызстан, Мамлекеттик салык кызматы, бирдиктүү салык декларациясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ