Кандай нан кишини семиртип жибербей тургандыгын адис айтып берди

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүНан сатуучу жерде кардар. Архив
Нан сатуучу жерде кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2021
Жазылуу
Адис кара нан жашылча-жемиштей эле пайдалуу экендигин, кара буудайда темир уйдун этине караганда үч эсеге көп болорун билдирген.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кара нан кишини семиртпестигин жана ал оорулардын алдын алуу касиетине ээ экендигин Нан бышыруу өнөр жайы боюнча илим-изилдөө институтунун директору Марина Костюченко айтып берген. Бул туурасында РИА Новости жазды. 
Эксперт ал нанды көп жеген киши толуп кетет деген пикирлерди четке каккан.
"Эртең мененки тамак учурунда жеген бир кесим кара нан сиздердин килограмм эмес, бир грамм да салмак кошууңуздарга таасирин тийгизбейт. Анын азык болуу касиети өтө жогору эмес, бир бөлкө нанда 250-500 кило калорий бар", — деген ал.
Адис, мындан тышкары, кара нан жашылча-жемиштей эле пайдалуу экендигин, кара буудайдын курамында темир уйдун этине караганда үч эсеге көп болорун кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0