Эртең Бишкектин бир катар аймагында жарык өчөт. График

© AFP / JOEL SAGETЭлектр мамысы. Архив
Электр мамысы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Жазылуу
Бул күнү трансформатордук көмөк чордондордо техникалык жактан тейлөө, оңдоо иштери жүргүзүлө турганы маалым болду.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Эртең, 16-февраль күнү, Бишкектин 14 көчөсүндө жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Койбагаров, Набережный көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, 9-кичи райондо (№ 4, 4а турак үйлөрү);
  • 9:30дан 13:00гө чейин — Раззаков, Пушкин көчөлөрүнүн жана Чүй проспектисинин бир бөлүгүндө, Арча-Бешик (Миң-Куш, Садырбаев, Масалиев көчөлөрү) конушунда;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — 5-кичи райондо (№10, 11, 16, 16/1 турак үйлөрү), Жумабек, Турусбеков, Ташкентский көчөлөрү жана Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгүндө;
  • 9:30дан 17:30га чейин — Дорожный жана Бакинский көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө.
Жаңылыктар түрмөгү
0